Өзгөчө кырдаалдар министри: «Биздин кызматкерибиз мыкаачылык менен каза болду»

  • 2 года мурун

Кыргыз-тажик чек арасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери каза болду. Бул тууралуу журналисттерге Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

«Кечээ биздин кызматкерибиз кызматын өтөп жатып каза болду. Аябай мыкаачылык менен каза болду. Ага карабастан биздин кызматкерлер өз милдеттерин аткарып жатат», — дейт ал.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген. Бүгүн саат 12:37де тажик тарап Чоң-Алай районунун айылдарындагы кыргыз чек арачыларын көздөй ок атты. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, чек арадагы чырда 122 адам жабыркады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты