Чек ара жаңжалынан жабыркагандардын саны 122ге жетти
- 2 года мурун
Чек ара жаңжалынан жабыркагандардын саны 122ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Анын ичинен 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.
- Баткен облустук бириккен ооруканасы – 41 жабыркаган;
- Лейлек ЖДПБ — 35 жабырлануучу;
- Кулунду ЖДПБ — 3 жабырлануучу;
- Сүлүктү ЖДПБ — 6 жабырлануучу;
- Улуттук госпитал – 21 жабырлануучу;
- Улуттук хирургиялык борбор – 1 жабырлануучу;
- Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 7 жабырлануучу;
- Ош облустук бириккен ооруканасы – 1 жабырлануучу.
Учурда Баткенден жабыркагандардын айрымдары атайын учактар менен Бишкектеги саламаттыкты сактоо уюмдарына жеткирилип жатат, такталгандан кийин кошумча маалымат берилет.
Муну бөлүшүү