Өзбекстандын «Silk Avia» авиакомпаниясы Ысык-Көлгө каттам ачты

  • 2 месяца мурун

2024-жылдын 16-июнунан тарта «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Ташкент-Ысык-Көл-Ташкент багыты боюнча ATR 72-600 учагы менен каттамдар аткарыла баштайт.

Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

Ташкенттен Ысык-Көлгө учуу эки саат убакытты алат. Учуулар жумасына 3 жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылмакчы. Келечекте алардын санын көбөйтүү пландалууда.

«Манас» эл аралык аэропорту аталган багытка байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.

2023-жылдын 5-августунда «Silk Avia» авиакомпаниясы биринчи жолу 56 жүргүнчү менен техникалык каттам аткарып, учак салтанаттуу түрдө суу аркасы менен тосуп алынган.

Сүрөт: airport.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты