Өзбекстанда бир үй-бүлө мүчөлөрүн өлтүрүп, үйү менен кошо өрттөп жиберген киши кармалды

  • 2 месяца мурун

Ташкент облусунун Жаңы-Жол районунда (Yangiyo’l)  бир үй-бүлөдөн беш кишини атайылап өлтүрүү фактысы иликтенүүдө.

Өзбекстандын башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдиргендей, 26-июль күнү таңкы саат 6:20 чамасында үйлөрдүн биринде өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрт өчүрүлгөндөн кийин үйдөн 5 адамдын сөөгү табылган. Алардын денесинде зомбулуктун белгилери болгон. Маркумдардын сөөгү 33 жаштагы эркек, 25 жаштагы аял жана 6, 3, 2 жаштагы балдарга таандык.

Кийинчерээк Өзбекстандын башкы прокуратурасы беш адамды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалганын жарыялаган.

Алдын ала маалымат боюнча, кармалган 29 жаштагы жаран маркумдун тууганы болгон. Киши өлтүргөндөн кийин шектүү алардын үйүн өрттөп жиберген.

Тергөө учурунда ал бул кылмышка маркумдун карызынан улам барганын айткан.

Прокуратура “Атайылап киши өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөө амалдары уланууда.

Сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты