«Залкарлардын изин баса турган муунду тарбиялоо милдети турат». Маданият кызматкерлерин куттуктоо
- 5 дней мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
«Абдылас Малдыбаев, Муратбек Рыскулов, Гапар Айтиев, Бүбүсара Бейшеналиева, Чынгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков, Кайыргүл Сартбаева, Болот Миңжылкыев, Болот Шамшиев, Самара Токтакунованын жана башка маданият сересине жеткен өнөр адамдарынын изин баса турган муунду тарбиялоо — бүгүнкү күндүн милдети болуп турат. Мамлекет жаш таланттарды окутуу, тарбиялоо, улуттук маданиятыбызда секирик жасоонун кандай ыкмасы болбосун, колдоп берүүгө даяр. Кыска аралыкта экономикалык чоң секирик жасаган эгемен Кыргызстан маданият жаатында жаңы бийиктиктерди багындырышы керек» деп айтылат куттуктоодо.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү