Ысык-Көлдө “Роял Бич” пансионатынан өрт чыкты

  • 3 года мурун

21-октябрь күнү саат 03:55те Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында «Роял Бич» пансионатынан өрт чыккан.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылды. Өрт саат 04:52де чектөөгө алынып, 06:35те толук өчүрүлдү.

Өрттүн кесепетинен жыгач устундуу шифер менен жабылган пансионаттын 20 ч.м чатыры, 150 ч.м. кампасы жана ичинде курулуш материал, унаа тетиктери күйгөн. Себеби такталууда. Жабыркагандар жок.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты