Ысык-Көлдөгү мурдагы өкүл жаңы кызматка барды  

  • 4 недели мурун

Уланбек Далиев президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн аймактарды өнүктүрүү секторунун башчысы болуп дайындалды. 

Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат берилди.

Тиешелүү тескемеге МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Уланбек Далиев башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган.

Сүрөттө: Уланбек Далиев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты