Ысык-Көлдө экологиялык багыттагы 44 укук бузуу учуру аныкталды

  • 2 года мурун

Жыл башынан бери Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИББ) туристтик-экологиялык милициясы тарабынан 44 укук бузуу учуру аныкталды. Анын ичинен 21и – бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу, 7 –мыйзамсыз балык улоо, 6 – мыйзамсыз аңчылык кылуу жана анын эрежелерин бузуу, 8 – мыйзамсыз курал-жарак сактоо жана башкалар.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин (ИИМ) басам сөз кызматы билдирди.

Аныкталган фактылар боюнча 10 кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. Калган фактылар боюнча материалдар тийиштүү мамлекеттик органдарына мыйзам чегинде чара көрүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Милиция кызматкерлери тарабынан аныкталган укук бузуулар боюнча жалпы материалдык чыгым 222846 сомду түзүп, анын 148510 сом өлчөмүндөгү чыгым кайтарылып берилди.

Өткөн жылдын декабрь айында облустук ички иштер башкармалыгынын милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын туристтик милициясынын базасында туристтик-экологиялык милициясынын жаңы кызматы түзүлгөн.
Аталган кызматтын негизги милдеттери болуп,  бак-даракты мыйзамсыз кыюу, браконьерлик, таштанды жана биологиялык калдыктарды өрттөө жана жаратылышты коргоо мыйзамдарына каршы келген башка аракеттердин алдын алуу жана бөгөт коюу болуп саналат. Андан тышкары аймакта чет мамлекеттик туристердин жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле аларга жардам көрсөтүү милдеттери да тагылган.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты