Ысык-Көлдө чет элдиктерге мүлк сатып алууга уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды  

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 30-майда, Жогорку Кеңештин жыйынында Ысык-Көлдө чет элдиктерге мүлк сатып алууга уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.  

Мыйзам долбоорунун толук аталышы — “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” .  

Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Балбак Түлөбаев, Эльмурза Сатыбалдиев, Бактыбек Сыдыков.  

Экинчи окуудагы мыйзам долбоорун агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев тааныштырды.

Мыйзам долбоорунда чет өлкөлүк жактарга рекреациялык объекттерге менчик укугун жана пайдаланууга берүү менен байланышкан түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталууда.  

Талкууда депутаттар Султанбай Айжигитов, Гуля Кожокулова мыйзам долбоорундагы рекреациялык аймактардын тизмесин тактоо, алардын катарынан жер аянттарын алып салуу сунуштарын айтышты.  Демилгечи депутаттардын бири Эльмурза Сатыбалдиев белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты рекреациялык аймактарда мурда салынып калган обьекттерди чет элдиктерге сатууга уруксат берүү. 

Депутат Жаныбек Кыдыкбаев мыйзам долбоорун колдоого алып, ал туризм тармагына инвестиция тартууга жол ачарын белгиледи. Эл өкүлү Дастан Жумабеков жер участокторун чет өлкөнүн жарандарына менчикке берүүгө тыюу салган конституциядагы норманы эске салып, мыйзамдардагы терминдерге так түшүндүрмө берүү жагдайын айтты. 

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты