Ысык-Көлдө Баткенге гуманитардык жардам чогултуу үчүн 67 пункт ачылды
- 2 года мурун
Ысык-Көл облусунда Баткенге гуманитардык жардам чогултуу үчүн 67 пункт ачылды. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.
«Жолдун алыстыгына байланыштуу тез арада бузулбай турган азык-түлүктөрдү чогултууну суранабыз. Гуманитардык жардам иретинде жөнөтүү үчүн сунушталган азык-түлүктөр: кесме, күрүч, чай, гречка, кумшекер, өсүмдүк майы, туз, жеке гигиена буюмдары, балдар үчүн буюмдар.
Гуманитардык жардам чогултуучу пункттардын даректери:
Каракол шаары: Ч.Айтамтов атындагы борбордук аянт, тел: 0755 152211, 03922 5-22-11;
Балыкчы шаары: Социалдык фонддун имараты, тел: 0706 464664, 0705 862611;
Ак-Суу району: Теплоключенка айылындагы “Тазалык” муниципалдык ишканасынын имараты, 0708 187730, 0700 310688;
Түп району: Түп айылы, Балбай спорт комплекси, тел: 0703622644;
Тоң району: Тоң району: Кажы-Сай айылы, Жунушалиев көч.,1, тел: 0700 120714, 0709 697265;
Ысык-Көл району: Чолпон-Ата шаары, Совет кѳчѳсү, №75, тел: 0500 050590;
Жети-Өгүз району: Кызыл-Суу айылы, Манас көчөсү, 194, айыл өкмөттүн имараты, тел: 0700793889.
Ошондой эле ар бир айыл өкмөттө гуманитардык жардам кабыл алуучу пункттар ачылды.
Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген. Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 01.30га карата Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта ылайык, 24 киши каза болгон. Ал эми жаңжалдан жабыркагандардын саны 103кө жетти.