Ысык-Көл жээгине мейманкана куруу үчүн Азербайжанга 17, 24 гектар жер бөлүнөт

  • 8 месяцев мурун

Бүгүн, 11-сентябрда, Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин жыйынында Министрлер кабинети жана Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы Ысык-Көлдүн жээгинде 5 жылдыздуу мейманкана куруу үчүн инвестициялар жөнүндө макулдашуунун долбоору талкууланды.

Макулдашуунун долбоорун Президентке караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов тааныштырды. Ал билдиргендей, 5 жылдыздуу мейманкананы  Ысык-Көл районунун  Кара-Ой айылына куруу пландалууда жана ага жалпысынан  17,24  гектар жер бөлүнүп берилүүдө.

Директордун орун басары макулдашуу 1997-жылдагы кыргыз өкмөтү менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларды коргоо жана колдоо келишиминин негизинде иштелип чыкканын белгилеп, макулдашууну колдоп берүүнү өтүндү.

 “Бул туристтерди тартуунун стратегиялык кадамынын бири болуп саналат.  5 жылдыздуу мейманкана куруу мөөнөтү — 3 жыл. Жердин жалпы аянты 17,24 гектар, анын ичинен 4,92 гектары – парк, пляж болмокчу. Ал эми  12,32 гектар  — инфраструктура же мейманкага курулган жер”деди Баясов.

Депутат Таалайбек кызы Жылдыз макулдашуу бүгүн гана комитетте каралып жатканын белгилеп, буга чейинки чалгындоо иштери эмненин негизинде жүргүзүлгөнүнө кызыкты.

Президенттин Иш башкармалыгын өкүлү иш ыкчам жүрүшү үчүн даярдоо иштери гана жүргүзүлгөнүн айтты.  Депутат 49 жылдан кийин мейманкана Кыргызстанга кайра кайтарылабы же жокпу деген маселени да тактады.  Н.Баясов 49 жыл өткөндөн кийин объект Кыргызстандын карамагына өтөрүн, бирок ошол эле маалда Азербайжан макулдашууну узартууга укуктуу экенин белгиледи.

Сүрөттө: ЖК комитетинин жыйыны. 11-сентябрь. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты