Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын Бишкектеги гастролу өтөт

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарында 11-12-13-апрель күндөрү Ысык-Көл облустук Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрынын гастролдору өтөт.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, театр өткөн жылы  эл аралык алты театралдык фестивалга катышып, баш байгеге ээ болгон эки спектаклди тартуулайт: «Күн кармаган бала» жана «Ак кеме». Ошондой эле Жан-Батист Мольердин чыгармасынын негизинде коюлган «Сараң» аттуу премьералык спектакль көрсөтүлөт. Режиссёру — Уланмырза Карыпбаев.

Спектаклдердин графиги:

11-апрель: : «Сараң»;

 12-апрель: «Күн кармаган бала»;

 13-апрель: «Ак кеме».

Гастролдор Бишкек шаарынын “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда өтөт. Спектаклдердин башталышы саат 19:00

Сүрөт: Театрдын афишасынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты