Ысык-Атада «Такыр-Төр» көлү ташып, 180 адам эвакуацияланды
- 1 год мурун
Бүгүн, Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан «Такыр-Төр» көлү ташып, 180ден ашуун адам эвакуацияланган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда кырдаалга байланыштуу Алмалуу, Горная Серафимовка жана Нижняя Серафимовка айылдарында жашаган 180ден ашуун тургун, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар коопсуз жайга эвакуацияланды.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен кырдаал жеке көзөмөлгө алынып, жеринде ыкчам иштер жүргүзүлүүдө. ӨКМдин адистери дрон аркылуу көлдүн абалын жана суунун агымын байкап, кооптуу аймакта күнү-түнү күчөтүлгөн режимде иш алып барышкан.
Муну бөлүшүү




