Вьетнамда 670 кг героин аткезчилигине шектелген жаран кармалды

  • 11 месяцев мурун

2025-жылдын 31-июлунда Вьетнамда Германияга 670 кг героин аткезчилик жолу менен ташууга айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн О.У.Д. аттуу жаран кармалды.

Кармоо ИИМ, Вьетнам укук коргоо органдары жана Интерполдун биргелешкен операциясынын негизинде ишке ашты.

Бул кылмыш иши 2019-жылы Германия полициясы “Элит Шоко” фирмасы аркылуу “түрк таттуусу” катары катылып келген героин партиясын кармаган учурда ачылган. Баңги заттар халва пакеттерине жашырылганы белгилүү болгон.

Азыркы тапта О.У.Д.ни Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты