Варшава күндөлүгү. Шаар жана Шопен
- 2 года мурун
- Баяндар
Бишкектен Варшавага келгени алгачкы кыламык кар себелеп, жер агарып барып, эриди. Буга чейин жаан болор-болбос себелеп, жерди нымдалыштырып жаткан. Күз соңуна чыга элек кез, күндүн табы 3 градус суук, бул жак нымдуу болгондуктанбы, айтор суук айтылган көрсөткүчтөн дагы жогорудай сезилип, бетти-колду тызылдатып турат. Бирок шаар ичине киргениңде, борборду эки бөлүккө бөлүп турган Висла дайрасын кесип өтүп, тарыхый Эски Варшаваны аралаганыңда, суукту да тоотпой калат экенсиң.
Польшаны, анын улуу композитору жана чебер пианисти, “рояль акыны”, дүйнөлүк музыка дүйнөсүнө өлбөс-өчпөс чыйыр калтырган Фредерик Шопенсиз (Fryderyk Chopin) элестетүү мүмкүн эмес. Аны польшалыктар ушунчалык урматташары бир караганда эле байкалып турат. Варшавадагы ири аэропорт Шопендин атында, жомоктогудай болгон Эски Варшава тарабына чыксаң, Шопендин интерактивдүү чоң музейи, анын музыкасын өзүңчө жалгыз отуруп алып уксаң болот. Музейдин бет маңдайында бир кезде Фредерик Франсуа Шопен окуган окуу жай азыр анын атындагы музыкалык университет. Алдында кол менен түшүрүлгөн нота барагынын чоңойтулган көрүнүшү көзгө урунат.
Атайын жасалган отургуч бетин бассаң, Шопендин музыкасы чыгат, коомдук транспортко түшсөң да Шопендин музыкасын угасың.
Шопендин 200 жылдыгынын урматына мында 20 сомдук коллекциялык польшалык акча-злотый чыгарылган. “Фредерик” аттуу музыкалык сыйлык уюштурулган.
Күздүн ушул күндөрү Польшада болуп, падышалар доорунан берки Лазенки паркын кенен-кесир аралап жүрдүк. Киргенде эле Шопендин өзгөчөлүү эстелиги тосуп алат. Улуу музыканттын өзү сүйгөн мажүрүм талга жөлөнүп ойлуу отурган келбети, ал эми үстү жагында виртуоз пианисттин колу жаратылыштын өзүн кучактап тургандай. Жазда, жайда, коңур күздө ушул парктагы эстелик тегерегинде кыркалекей отургучтарга отуруп, алыс-жакындан келип-кеткен туристтер жана варшавалыктардын өздөрү Шопендин фортепиано концерттерин угуп, магдырап эс алчу ажайып сейил бак.
Кеч күз, кечээ жакында түшкөн жалбырактар жерде жатат, отургуч ээн. Ошентсе да эбегейсиз, 76 гектар келген парк ичи кеч күздө деле керемет көрүнүштө. Шопен сүйгөн мажүрүм тал, майда ак роза гүлүнө оронгон жай, карга оонаган көк чөп, ак куулар, өрдөк-каз каалгып сүзүп жүргөн көлмө четинде турабыз. Ажайып ак куулар, “мандаринка” деген аталыштагы “өң-түстүү” өрдөктөр чубашып-ээрчишип сүзөт. Суудан чыккан каз-өрдөктөр кээ бирде катарыңда кошо чайпалып басып жүрөт. Канатын жайган павлиндер, бактан бакка секирген же келип-кеткендерди коркпой коштоп жүргөн тыйын чычкандар. Кайкып учкан ак чардактар.
Айланада Шопендин вальсы, полонези, ноктюрн, соната, прелюдиялары өзүнөн өзү эле жаңырып тургандай сезилет. Жан дүйнөң тынч алып, бейпилдикте балкыйт. Кандайдыр кусалыктын кайрыктары акырындап, жан дүйнөңдүн бейпилдигине жуурулушуп кеткендей болот. Бекеринен ушул жер Варшаванын эң бактылуу жайы деп эсептелбесе керек.
Эбегейсиз парк ичин бир барганда аралап бүтө албайсың. Көлмө боюнда кооздукка суктанып турасыңбы, бак аралап басасыңбы, канаттуу-куштарга, жан-жаныбарларга алаксып каласыңбы, тарыхка сереп саласыңбы, жаратылыш музыкасын тыңдайсыңбы, айтор эбегейсиз парк ичин бир барганда аралап бүтө албайсың. Кайра кайтып келгиң келет. Шопендин Жамгыр ырын уккуң келет.
Бул — тарых, архитектура жана маданий очоктун баары бир жерге бириктирилип турган борбор экен. Тарыхка кайрылсак, падыша Станислав Август бир кезде Польшаны акыйкаттык жана тынчтык орногон, эли бейпил жашаган мамлекет болсун деген кыял-ойду аздектегени айтылат.
Фредерик Шопен Варшавадан алыста жүргөндө, өлкөсү үчүн кыйын кезеңде жазган күндөлүгүндө музыка өз элинин жеңишке жетишине жардам берээрине ишенген. “Польша гүлдөп-өсөт, кубаттуу жана көз карандысыз болот” дегени замандаштарынын эскерүүсүндө айтылат. Улуу композитор жана чебер пианисттин аруу кыял-тилектери иш жүзүндө доорун сүрүп жатканы шаар аралаганда байкалып турат.
Өмүрүнүн бир далайын чет жактарда, Парижде өткөргөнү менен, Шопен кан-жаны, руханий дүйнөсү менен эли-жери менен бирге, ажырагыс болгону тарых барактарында тастыкталып турат. Шопен үчүн Парижде Варшаванын жамгыры жаагандай туюлган. Парижде жан бергенден кийин да, жүрөгү Варшавада калышын каалап, аманатын калтырганы “Мекенден артык Мекен жок” экенин айтып турат.
Польшанын парламенти жана ЮНЕСКО уюму 2010-жылды дүйнөдө улуу композитор Фредерик Шопендин жылы деп жарыялаган. Кыргызстанда да Шопен жылынын урматына музыка майрамы өткөрүлүп, эскерилгенин эстей кетели. Бишкекте Шопен көчөсү бар экенин ушул жактан билдим.
Мындан эки кылымдан ашык мурда жашаган композитор өлбөс-өчпөс чыгармаларды, жан дүйнөнүн кылдарын черткен кайрык, музыканы түбөлүккө калтырып кеткен. Бул жарык дүйнөдө болгону 39 жыл жашап өткөн Фредерик Шопендин өмүрү, ал жараткан музыка кылымдарга кала бергени анын түбөлүк жашай берчү рухий азык берген гениалдуу композитор болгонун айгинелейт.
Варшавадан алган менин алгачкы таасирим ушундай болду.
Айгүл Бакеева, Варшава.