Валентина Шевченко кайрадан UFC чемпиону болду

Кыргызстандын өкүлү Валентина Шевченко АКШнын Лас-Вегас шаарындагы UFC 306 мелдешинде эң жеңил салмакта мексикалык Алекса Грассону жеңип, UFC чемпиону титулун кайтарып алды.

Беш раунддун жыйынтыгы менен калыстар тобу бир добуштан ага жеңишти ыйгарышты. Ошентип, Валентина Шевченко аялдар арасында эң жеңил салмакта UFC чемпиондугун кайтарып алды.

Валентина Шевченко биринчи жолу чемпиондукту 2018-жылы польшалык спортчу Йоанна Енжейчикти жеңүү менен алган. Андан кийин жети жолу чемпиондугун берген жок, 2023-жылы март айында ал Грассого жеңилип калган. Ошол эле жылдын сентябрь айында алар кайра беттешип, тең чыгышкан.

Азыр Шевченконун аралаш таймашта 24 жеңиши бар, 4 жолу утулган жана бир тең чыгуу. 

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты