ЖКнын эки комитети уран казууга жол берген мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

  • 2 месяца мурун

28-майда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитети жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети Кыргызстанда уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берүү сунушталган мыйзам долбоорун карап, колдоду.

Документти Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 27-майдагы отурумунда биринчи окууда колдогон. Бир күн мурун Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде да каралып, кворум жоктугунан танапис жарыяланган.

Министрлер кабинети сунуштаган долбоордо 2019-жылы кабыл алынган «Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө» мыйзамды жокко чыгаруу сунушталат. Мындан сырткары «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү камтыйт.

Мыйзам долбоору 27-февралда коомдук талкууга коюлган, парламентке 11-майда киргизилген.

Документтин негиздемесинде уранды жана торийди казып алууда заманбап технологиялар колдонулуп, ага мамлекет көзөмөл кылары, бул кен казып алуунун айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтууга жардам берери жазылган.

Президент Садыр Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп,  Кызыл-Омпол кенин мамлекет иштетүүнү пландап жатканын айткан.  Мамлекет башчы кен иштей баштаса, миңден ашуун жумушчу оруну түзүлөрүн билдирген.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда уран темасы боюнча чет элдик блогер Анастасия Ахметованын айткандарына жооп берген.

-Өзүн Орто Азия боюнча  эксперт санаган Анастасия Ахметова аттуу жаран сыртта отуруп алып кыргызстандыктарга акыл үйрөтүп, чындыкка дал келбеген маалыматтар менен элди козутуп, ортого чагым салуу аракетин көрүүдө. Бул блогер айым Кыргызстанда уранды иштетүүгө британиялык белгилүү Ротшильддердин  үй-бүлөсү аралашууда, анын натыйжасында кыргыз бермети болгон Ысык-Көлүбүздү жок кылып алабыз деген сыяктуу жалган маалыматты токуп чыгыптыр,-деди президент.       

2019-жылдын жазында «Кыргызстандагы ЮрАзия» деп аталган компания бул кенди чалгындоо иштерин баштаган учурда Ысык-Көлдө жана Бишкекте нааразылык чыккан. Мындан кийин, ошол эле жылдын декабрында Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган.

Кыргыз өкмөтү, анын ичинде Энергетика жана өнөр жай министрлиги 2021-жылы сентябрда өлкөдө уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Ал парламентке жеткен эмес.

Ал эми «Кабар» агенттигине берген маегинде Садыр Жапаров буларды белгилеген:

— Биринчиден уран кени деп айтуудан алыс болушубуз керек. Бул кенди саясий айдыңда популисттик кылгандар уран кени деп атап алышкан. Муну мен бир жылдан бери дыкат иликтеп чыккан адам катары айта алам. Бул кенди титаномагнетит кени деп аташыбыз керек. Анткени, руданын 95 пайызын титаномагнетит түзөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты