Улуу Британияга визага өтүнмөлөрдү Кыргызстанда берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү
- 6 дней мурун
Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) консулдук департаменти Улуу Британиянын виза борборунун оператору «TLS Contact» компаниясынан «VFS Global» компаниясына алмашуусуна байланыштуу, 2024-жылдын 5-ноябрынан тартып Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Улуу Британияга баруу максатында визалык өтүнмөлөрдү Кыргыз Республикасынын аймагында берүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөндү тууралуу маалымдады.
Виза борбору кошумча маалымат берилгенге чейин дүйшөмбү-жума күндөрү 09:00дан 17:00гө чейин ишин алып барат.
Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы кабарлады.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү