Улуу Британия миллиардер Алишер Усмановдун эки жээнине санкция салды

  • 2 года мурун
Улуу Британия миллиардер Алишер Усмановдун эки жээнине санкция салды

Улуу Британиянын бийлиги Украинага басып киргени үчүн Орусияга салынган санкциялардын тизмесин кеңейтти.

Ага дагы 42 киши, анын ичинде Орусиянын аймактарынын 29 жетекчиси, юстиция министри Константин Чуйченко жана миллиардер Алишер Усмановдун эки жээни кошулду. Бизнесмен өзү буга чейин санкцияга туш болгон.

Андан тышкары «кара тизмеге» Sputnik International мамлекеттик маалымат агенттигинин башчысы Антон Анисимов жана британиялык видеоблогер, Орусиянын RT жана «Звезда» каналдары менен кызматташкан Грэм Филлипс илинген.

Алардын Британияда активдери болсо, камакка алынат.

Лондондун санкцияларын офшор компаниялары катталган бир нече эл аралык юрисдикциялар да, мисалы Мэн аралы аткарууга тийиш. Көптөгөн иликтөөлөр көргөзгөндөй, дүйнө жүзүндөгү мүлккө ээлик кылган орусиялык жогорку аткаминерлер компанияларын каттоо үчүн офшорлорду пайдаланып келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты