Улуттук банк жарандарды турак-жай кооперативдерине алданып калбоого чакырды

  • 2 года мурун

Улуттук банк расмий сайтында турак-жай кооперативдеринен кыймылсыз мүлк алуунун тобокелдиктери жана уюмдун «финансы пирамидасы» эмес экендигин аныктоо боюнча кеңештер менен бөлүштү.

«Көпчүлүк учурларда, уюм тарабынан мүлктү сатып алуу үчүн кардарга сатып алына турган мүлктүн (кыймылсыз мүлк, унаа ж.б.) наркынын 10дон 50%ына чейин төгүүнү, күтүү мөөнөтү аяктагандан кийин (көбүнчө 3 айдан 9 айга чейин) калган мүлктүн наркын төлөө сунушталат. Адатта, каржылоо боюнча ишмердүүлүк башка кардарлардын акчалай төгүмдөрүнүн эсебинен камсыз кылынат.  Каржылоо толук кайтарылганга чейин мамлекеттик органда камакка алуу белгиленген шартта, мүлк көбүнчө кардарлардын атына таризделип берилет», — деп жазылат билдирүүдө.

Улуттук банк бул уюмдардын ишмердүүлүгүндө жарандар үчүн каржылоону алууга кепилдик жок экенин белгилеп, алынган мүлктүн жана акчанын жоголуп кетүү тобокелчилиги бар экенин эскерткен. Андыктан жарандарды мындай жагдайларга олуттуу карап, этият болууга чакырат.

Бул уюмдар менен келишим түзөрдөн мурун алардын документтерин милдеттүү түрдө текшерүү керек. Ал эми акча салууну пландап жаткан уюмдун “финансылык пирамида” эмес экендигин билүү үчүн адистерден финансылык же юридикалык консультация алуу сунушталат.

«Финансылык пирамиданын» негизги белгилери: 

1. ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууга лицензиялык-уруксат берүүчү документтердин жоктугу же мамлекеттик реестрлерге юридикалык жактын киргизилбегендиги; 

2. кардарларды тартуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернетте, анын ичинде социалдык тармактарда активдүү жарнамалоо; 

3. кийинки каржылоонун шарты катары күтүү мезгилинин, кирүү жана мезгилдүү төгүмдөрдүн болушу; 

4. ишмердүүлүк кардарлардын олуттуу санын тартуудан көз каранды; 

5. уюмдун уюштуруучулары, ээлери жана жетекчилери жөнүндө так маалыматтын жоктугу; 

6. уюм тарабынан каражаттар тартыла баштаганга чейин бир аз мурда гана каттоодон өткөн, уставдык капиталы минималдуу жана жалгыз эле уюштуруучусу бар; 

7. уюм банк рыногундагы кирешелүүлүктөн олуттуу ашкан салымдардын жогорку кирешелүүлүгүн көпчүлүккө убада кылат же кепилдик берет; 

8. уюм жогорку кирешелүү ишканага каражаттарды салууга убада берет, бирок аны документ менен тастыктай албайт. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты