Улуттук банк эсептик ченди 14,0 пайыз деңгээлинде сактап калды

  • 2 года мурун

Улуттук банк башкармалыгы 2022-жылдын 29-августунда эсептик ченди (негизги чен) 14,0 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 30-августтан тартып күчүнө кирет. 

Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында жазылды

Маалыматта айтылгандай, Улуттук банк экономикада инфляциялык процесстерди чектөө жана тышкы экономикалык чөйрөдөгү тобокелдиктердин таасирин азайтуу максатында акча-кредит саясатын жүргүзүүнү улантууда. 

«Өтүп жаткан жылдын август айында1 инфляция 15,4 пайызды түздү (июль айында – 13,8 пайыз). Учурдагы жылдын жай айында сезондук дефляциянын жок болушу сакталып турган инфляциялык басымдын негизги көрсөткүчү болуп саналат. Ошол эле учурда дүйнөлүк товардык-чийки зат рынокторундагы жаңы соода-экономикалык байланыштарга дүйнөлүк экономиканын ыңгайлашуусунан жана турукташуусунан улам, 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында инфляциялык процесстердин басаңдашы күтүлөт. Ошондой эле инфляциянын басаңдашына Улуттук банктын жүргүзүп жаткан акча-кредит саясаты жана өлкөдө инфляцияны турукташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишке ашырып жаткан чаралары да олуттуу салымын кошот. 

Кыргызстанда экономикалык жигердүүлүк ички талаптын туруктуу калыбына келиши менен колдоого алынды. 2022-жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча экономиканын өсүш арымы 7,7 пайызды түздү (Кумтөр алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда – 4,7 пайыз). Сектор боюнча кыйла көбүрөөк өсүштү өнөр жай тармагы, кызмат көрсөтүү чөйрөсү жана айыл чарба тармагы көрсөткөн. Кредиттердин активдүүлүгүнүн өсүшү менен акча которуулар ички керектөөнүн жогорулашына өбөлгө түзгөн кошумча таасир көрсөттү. 

Улуттук банк тышкы жана ички экономикалык чөйрөнүн өнүгүү шарттарын эске алуу менен эсептик чен өлчөмүн 14,0 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды» деп айтылат маалыматта.

.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты