Улуттук банк эсептик ченди 10%га чейин жогорулатты

  • 2 года мурун

Улуттук банк эсептик ченди (негизги ченди) 10 пайызга чейин жогорулатты.

Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

«Тышкы чөйрөнү өнүктүрүүнүн өбөлгөлөрүн жана ички экономикалык шарттарды эске алуу менен, Улуттук банк эсептик ченди 10,0 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Зарыл учурда Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка кошумча оңдоолорду киргизет. Улуттук банк инфляцияга таасирин тийгизген тышкы жана ички факторлорго үзгүлтүксүз баа берет жана экономикалык кырдаалга жараша акча-кредит саясаты боюнча тиешелүү чараларды көрөт» деп айтылат маалыматта.

2022-жылдын февраль айында (18-февралга карата) инфляция жылдык мааниде 10,6 пайызды түзгөн, жыл башынан бери баалар 1,5 пайызга өскөндүгү айтылат.  

2022-жылы монетардык саясаттын максаттуу көрсөткүчү болуп инфляциянын орточо деңгээлин 12 пайыз чегинде кармап туруу саналат.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты