Улуттук аттестациялык комиссияда жаңы төрага иштей баштады

  • 1 месяц мурун

Бекбосун Бөрүбашов президентке караштуу улуттук аттестациялык комиссиянын (УАК) төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров 14-февралда кол койгон.  

Президенттик башкарууга багытталган Конституцияны Бекбосун Бүрөбашев жетектеген Конституциялык кеңешме жазган.

Бекбосун Бөрүбашев 1982-жылы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин, 1997-жылы ушул эле жогорку окуу жайдын юридика факультетин аяктаган, юридика илимдеринин доктору.

Улуттук аттестациялык комиссиясы (УАК) бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана жогорку  квалификациялуу  илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоочу, аларга окумуштуулук даражаларды берүүнү, окумуштуулук наамдарды ыйгарууну,  ошондой эле ушул чөйрөдө башкарууну ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын презилентине баш ийген мамлекеттик илимий-эксперттик орган болуп эсептелет.

Сүрөттө: Бекбосун Бөрүбашев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты