Уларбек Исмаилов Манас шаарынын мэри болуп дайындалды
- 2 месяца мурун
Уларбек Исмаилов Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын мэри болуп дайындалды.
Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин Абдупата Маткаликов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын мэри кызматынан бошотулган.
Сүрөттө: Уларбек Исмаилов. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




