УКМК: Кочкор-Атадагы оорукананын имараттары жана жери менчиктештирилип кеткен
- 2 месяца мурун
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарындагы аймактык ооруканага тиешелүү болгон объектилер жана жер тилкелер жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүлүп берилгени аныкталганын билдирди.
Маалыматта айтылгандай, мыйзамсыз ээликтен чыгаруу иштери 1993-жылдан 2009-жылга чейин мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун түштүк аймактык башкармалыгы, ошондой эле Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бийлик органдары тарабынан системалуу түрдө жүргүзүлүп келгендиги белгилүү болгон.
«Жалпысынан 4 административдик имарат, ошондой эле төрөт бөлүмүнүн бир бөлүгү, мындан тышкары, жалпы аянты 28 сотых жер тилкелери ээликтен ажыратылган. Натыйжада учурда оорукананын аймагында 2 турак үй жана 2 жеке клиника, ошондой эле 5 дарыкана курулган»,- деп айтылат маалыматта.
Учурда УКМК прокуратура менен биргеликте бул объектилерди шаардык оорукананын балансына кайтаруу процедурасын баштаганы айтылды.
Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы