УКМК «Имамидин Ташов коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн ден соолугуна атайы залал келтирди» деп билдирди    

  • 1 неделя мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК)  Имамидин Ташовдун жактоочусу тараткан маалыматка байланыштуу, «Ташов коомчулуктун көңүлүн буруу максатында өзүнө атайылап ден соолугуна залал келтиргенин» билдирди.

УКМК «30-октябрда саат 9:00дө УКМКнын тергөө абагынын кызматкерлери кыдырган учурда Имамидин Ташовдун ич жагына эки ирет бычак сайылганын жана тез жардам келгенге чейин медициналык кызматкерлер тарабынан биринчи жардам көрсөтүлгөндүгүн» белгиледи. “Тез жардам” келгенден кийин Ташовду №4 шаардык ооруканага алып баруу чечими кабыл алынган. Ошол учурда анын абалы туруктуу деп бааланган. Имамидин Ташовдун камералашынын айтымында, анын жанында бир жолу колдонулуучу устара сакталып, анын кесепетинен денесине залал келтирилген. Айрым маалыматтар боюнча, кармалган адам жакын туугандары менен сүйлөшүп алып, өз жанын кыюуга атайын даярданган» деп билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Ташов №4 шаардык оорукананын хирург-дарыгери тарабынан кароо учурунда УКМКнын тергөө абагында кыйноолорго кабылгандыгына даттанган.

«Бирок бул факты чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМК тергөө абагынын периметри боюнча видеокөзөмөл камералары тастыктап турат.  Ошол эле учурда УКМК бул тууралуу прокуратурага кабарлап, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлерин чакырган. Ташов КР Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлеринин суроолоруна жооп берүүдөн кескин баш тарткан. Ташов азыркы учурда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен юстиция министрлигине караштуу  № 21 тергөө абагына киргизилди» деп айтылат УКМК билдирүүсүндө.

Имамидин Ташов тергөө абагында өзүнө өзү кол салып, шаардык ооруканага жеткирилген. Бул маалыматты анын адвокаты Самат Матцаков “ПолитКлиникага” билдирди.   

-Мен Ташовго жолугууга УКМКнын тергөө абагына барганымда, Ташовду “Тез жардам” менен ооруканага алып кетишкенин уктум. “Тез жардам” кызматына телефон чалсам, 40-45 жаштардагы киши өзүнө өзү кол салып, ооруканага түшкөнүн айтышты. Бирок анын аты-жөнүн айтышкан жок. Мен ооруканага келдим,- деп билдирди адвокат Матцаков. 

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн коопсуздук чараларынын натыйжасында 22-апрелде Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды айылында бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп издөөдө жүргөн кыргыз жараны Имамидин Ташов кармалган.

«Ташов Кыргызстан жана Казакстандын Республикасынын мамлекеттик чек араларын Алматы шаарынан Кара-Балта шаарына чейин мыйзамсыз кесип өтүп, бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап жаткан жеринен кармалды» деп айтылат УКМК маалыматында.

2023-жылдын 26-октябрында тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде «О» ЖЧКсынын ээси Имамидин Ташов кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

“Ар кандай нерсе менен коркутуп көрүштү. Ноябрь айында да мага илешкис иштерди токуп, отуруп, камап да көрүштү, 52 миллион төктүрүштү, сол чөнтөккө 100 миллион бересиң  деп араң чыгарышты” деди Имамидин Ташов.  

«О» ЖЧКсына бөлүнгөн жер тилкеге 280 орундуу бала бакча салынуусу аныкталган. Бирок, буга карабастан, «Бишкек Главархитектура» мамлекеттик мекемесинин жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу жана кызмат адамдары мыйзамсыз киреше алуу максатында «О» ЖЧКсынын жетекчилиги менен кылмыштуу топ түзүшкөндүгү айтылган. 

Ошондой эле атайын кызмат анын «УКМК кызматкерлери уурдап кетип, 100 миллион сом талап кылды» деген билдирүүсүн четке какты. Ушундай эле билдирүүнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламент жыйынында айткан.

Сүрөт: Бектур Оргубаев/»ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты