УКМК: Эмгек министрлигинин Аламүдүн райондук бөлүмүндө коррупциялык схема аныкталды

  • 8 месяцев мурун

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Аламүдүн районунун кызматкерлери мамлекеттик социалдык төлөм жана жөлөкпулдарды төлөөдө акча каражаттарын мыйзамсыз ыйгарып алуу боюнча коррупциялык көрүнүш аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө, Аламүдүн райондук бөлүмүнүн кызматкерлери алдын ала сүйлөшүүлөргө барышып, кызмат абалынан кыянат пайдаланып, кызматтык жасалмалоо жана тиешелүү документтерди жасалмалоо жолу менен 9 052 926 сом өлчөмүндөгү социалдык төлөмдөрдү жана жөлөкпулдарды мыйзамсыз өздөштүрүшкөн.

Тактап айтканда, башкы бухгалтер Б.А.Б., бухгалтерлер Д.Ж.А., А.Т.кызы, М.Н.Т., К.А.Ш., социалдык кызматкер С.Д.Т. жана социалдык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн кызматкерлери Т.Г.Т. жана А.Д.У. тарабынан өздөштүрүлгөн.

Айыптуулар кылмыш-жаза мыйзамдарынын алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты