УКМК: Баткен облустук ооруканасынын замдиректору менен лаборанты кармалды
- 1 год мурун
Баткен облустук ооруканасынын директорунун орун басары жана лаборанты узак убакыт бою рентген аппаратынын кызматы үчүн жарандардан акча алышкан. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, рентген аппаратынын баасы түрүнө жараша 291 сомдон 496 сомго чейин болгон.
Жогоруда айтылгандар оорукананын кызматкерлери тарабынан мекеменин кассаларын айланып өтүү менен жарандардан акча каражаттарын системалуу түрдө алып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Аталган адамдардын мындан аркы мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу максатында үстүбүздөгү жылдын 15-февралында Баткен облустук ооруканасынын директорунун орун басары К.К.К. жана лаборант К.у.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Азыркы учурда тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы айтылууда.
Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы




