УКМК 29 жеке ишкерге берилген Араван райондук автобекетин мамлекетке кайтарды        

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Араван айылынын  Ош-3000 көчөсүндө  жайгашкан жалпы аянты 0,33 га болгон борбордук автобекетин мамлекеттин балансына кайтарды.

УКМК басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2000-жылдары автобекеттин аймагы 29 жеке ишкерге мыйзамсыз берилгени аныкталган, алар КР «Автомобиль транспорту жөнүндө» мыйзамын бузуу менен жер-жерлерде соода жайларын уюштуруп, стратегиялык объектини толук реконструкциялашкан.

 Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө менчик ээлери өз ыктыяры менен объектини Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп беришти.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты