Уюлдук телефондун IMEI код көйгөйү. Аны каттаган компания менен келишимди бузуу тууралуу да сөз болду

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров уюлдук телефондордун IMEI коддорун мамлекеттик идентификациялоо системасында (МИС) каттоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Министрлер кабинетинин башчысы бул иш каттоонун жүрүшү тууралуу маалыматтын жоктугунан жана кызматка кирүүдөгү көйгөйлөрдөн улам жарандардын нааразычылыгын жаратып жатканын белгиледи.

Акылбек Жапаров көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү тиешелүү жетекчилерге тапшырды. Зарыл болгон учурда чечкиндүү чаралар көрүлөрүн, анын ичинде IMEI коддорун каттаган компания менен келишимди бузууга да токтолду.

25-июндан тартып Кыргызстанда мамлекеттик идентификациялоо системасында (МИС) мобилдик түзүлүштөрдү милдеттүү түрдө каттоо киргизилген.

Юстиция министрлиги мындай чараны рынокту жасалма телефондордон коргоо, телефондордун уурдалышын жана телефон алдамчылыгын азайтуу максатында жүргүзүп жаткандыгы белгиленди.

Системаны ишке киргизгенден кийин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жеке колдонуу үчүн сатылып алынган бардык уюлдук телефондор (мисалы, эгерде колдонуучулар чет өлкөдөн аппараттарды алып келишсе же аларды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары онлайн булактардан, мисалы, Wildberries, Ozon, Amazon, Aliexpress ж.б ушул сыяктуу эл аралык базарлардан сатып алышса) www.imei.kg сайтында жарыяланган көрсөтмөлөргө ылайык катталууга тийиш.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты