Туруксуз аба-ырайы күтүлөт
- 2 года мурун
26-27-ноябрда түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт. Айрым аймактарда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаап, кээ бир райондордо катуу жаан-чачын жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болушу ыктымал. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетип, абанын температурасы кескин төмөндөйт.
26-27-ноябрда:
-Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9° суук,
-Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°,
-Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 1…6° жылуу;
27-28-ноябрда:-Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6°
-Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7°, тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сүрөт: Интернет булактарынан.