Туруксуз аба ырайы күтүлөт. Сел жүрүшү мүмкүн

  • 2 года мурун

Бүгүн, 4-августта, туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ошондой эле 5-6-августта туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экендигин ӨКМ эскертти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты