Туруксуз аба ырайы күтүлөт

  • 1 год мурун

Өлкөдө 9-декабрда 8-декабрдагыдай эле туруксуз аба ырайы сууктайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар түрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

9-11-декабрь күндөрү абанын температурасы акырындык менен төмөндөйт.

-Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -10…-15°, күндүз 4…-9°;

— Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -1…-6°;

— Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -12…-17°, күндүз -2…-7°;

-Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -18…-23°, күндүз -6…-11;

республиканын тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн -13…-18°, күндүз -5…-10°, тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27° градус суук, күндүз -13…-18°, Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн -30…-35°, күндүз -14…-19 грдуска чейин төмөндөйт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты