5-октябрда: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт  

  • 1 неделя мурун

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 5-октябрда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 9…14;

Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 16…21;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 12…17;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8°, күндүз 12…14° жылуу болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты