Туруксуз аба ырайы күтүлөт
- 2 года мурун
27-майда күндүз жана 28-29-майда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Жер жерлерде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Ал эми бийик тоолуу аймактарда жайгашкан райондордо кар жаап, 28-майда кээ бир райондордо, 29-майда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Маалыматта айтылгандай, аймактарда өзгөчө кырдаал жаралган учурда өзгөчө кырдаалдар ми-нистрлигинин 112 кызматына чалып, жардам сураңыз. Чалуу акысыз.
Сүрөт: Интернет булактарынан.