Туруксуз аба ырайы күтүлүп, тоолуу аймактарда кар жаайт

2-майда Нарын облусунда, Ат-Башы, Ак-Талаада кар жаады. Социалдык тармактарда жааган кардан улам мал үчүн чөп жок болуп жатканын кабарлашууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3-6-майга чейин өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлүп, жаан жана тоолуу аймактарда кар жаай турганын маалымдады. Буга байланыштуу ӨКМ жарандарды айрыкча мал жаюу үчүн тоого чыгууга жана эс алууну токтотуп турууга чакырат.

ӨКМ бул күндөрү Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымдарында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөрүн эскертти. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Ошондой эле 3-6-майда түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү күтүлөт: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2°, түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрөт.

Кечээ, 2-майда саат 22:35де Ак-Талаа районунун Байгончок айылынын тургуну менен уюлдук телефон аркылуу байланышканда Орто-Сырт жайлоосуна күндүзү жааган кардын кесепетинен 2000 баш майда жандык, 530 баш ири мүйүздүү мал өз алдынча оттой албай калгандыгы жөнүндө билдирген.

Орто-Сырт жайлоосунда малчылар каттаган Мелис ашуусу жабылып, 5 үй-бүлө мал жандыгы менен калып калган. Учурда малчылардын тамак-ашы жетиштүү, бирок мал-жандыктарынын тоюту жок болгондуктан, жардам сурап кайрылышкан.

Мындан улам Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрация башчысы–акимдин жетекчилиги менен отурум өткөрүлүп, кырдаалды жөнгө салуу иштери колго алынды. Ал эми Орто-Сырт жайлоосуна барган жолду жана Чоң-Кыя ашуусундагы кар күрткүлөрүн ачуу жана байкоо жүргүзүү үчүн 2-майда Ак-Талаа райондук Жарандык коргонуу башчысынын орун басары У.Жылтыров жана №15 жол тейлөө ишканасынын башчысы М.Орозалиев менен бирге барып, калың жааган кардын кесепетинен Чоң-Кыя ашуусуна чыга албай кайра артка кайтышкан.

Бүгүн жеринде абалды билүү жана координациялоо иш-чараларын жүргүзүү максатында,Р ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын орун басарынын жетекчилигинде ыкчам топ тартылган.

Сүрөт: Ат-Башыдагы кар. 2-май 2023. Социалдык тармактан/Дүйшөн Шаршенбеков

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты