Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгондор 1 миллион сом сый акы алат

  • 2 месяца мурун

Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө” жарлыкка 1-июлда кол койду.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, сый акыны адабият жана искусство жаатындагы көрүнүктүү чыгармалары үчүн Кыргызстан жарандары ала алат.

Аталган мамлекеттик сый акы үч жылда бир жолу тапшырылат.

Сый акыны алууга тандалган жарандар тобуна Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысынын лауреаты наамы ыйгарылып, төш белги жана анын күбөлүгү тапшырылат. Ошондой эле, 1 миллион сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык төлөнөт. Эгер Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка бир нече адам татыктуу болсо, анда аталган сумма аларга тең бөлүштүрүлүп берилет.

Сый акы ээлерин тандап алуу үчүн атайын коомдук комиссия түзүлгөн. Коомдук комиссия жалыпысынан 19 адамдан туруп, Түгөлбай Казаков комиссиянын төрагасы болуп дайындалган. Ал эми калган мүчөлөрү адабият жана искусство жаатындагы көрүнүктүү ишмерлерден түзүлгөн.

Сүрөт: Токтогул атындагы сыыйлыктын төш белгиси. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты