Тогуз-Тородо өрттөн жабыркаган мектепке эки бөлмөлүү мобилдүү үй жеткирилди

  • 2 года мурун

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Чет-Булак айылында өрттөн жабыркаган мектепке эки бөлмөлүү мобилдүү үй жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Белгилей кетсек, 17-ноябрда айылдагы мектептен өрт чыгып, жалпы 468 чарчы метрди түзгөн имарат толугу менен күйүп кеткен жана 1,5 млн. сомдук материалдык чыгым келген. ӨКМдин билдиргени боюнча, өрт кырсыгы болжол менен электр жабдыктарын пайдаланууда техникалык эрежелердин бузулушунан улам келип чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты