Тоң районунда бала бакча мамлекетке кайтарылды

  • 2 года мурун

Ысык-Көл облусунун Тоң райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 2005-жылы аталган районго караштуу Ак-Терек айыл өкмөтүнүн Дөң-Талаа айылындагы бала бакчанын имараты короо жайы менен бирге айыл тургуну К.С. га жеке менчикке мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталган.

Аталган социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилген жана канааттандырылган.

Прокурордук чара көрүү актынын негизинде базар баасы 3 млн 670 миң сомдук бала бакчанын имараты короо жайы менен мамлекетке кайтарылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты