ТИМ Садык Шер-Ниязга бир тууганы Баткен Шерниязовдун каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты
- 1 год мурун
Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) жамааты Франциядагы элчи, Кыргызстандын ЮНЕСКОнун алдындагы туруктуу өкүлү Садык Шер-Ниязга бир тууганы Баткен Шернияздын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтат.
Маркумдун жакындарынын жана туугандарынын аза-кайгысын тең бөлүшүү менен, аларга күч-кубат, сабырдуулук жана кайрат тилейт.
Баткен (Абылкасым) Шерниязов 53 жашында дүйнөдөн өттү. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 6-майда Талас районунун Чоң-Капка айылында болору кабарланды.
Баткен Шерниязов Баткен районунун Баткен айылында туулган. 2003-жылы “Манас-Мурас” коомдук фондун негиздеген. 2023-2024-жылдары Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү фондунун президенти болгон.
Сүрөттө: Баткен (Абылкасым) Шерниязов. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




