Temirov live команда кызматкеринин арызы боюнча сот иши  жылдырылды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 8-июнда, Бишкек шаардык сотунда Temirov live команда кызматкеринин арызы боюнча соттук териштирүү белгиленген. Анда  аталган команда кызматкеринин ишенимине кирип, интимдик видеолорун соцтармактарга жүктөгөн УКМКнын 5-бөлүмүнүн кызматкери деген кишинин жүрүш-турушу боюнча соттук териштирүү каралмак. Temirov live команда кызматкеринин арызы боюнча сот иши башка күнгө  жылдырылды. Ал арыз Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кайра каралмай болду.

Бул тууралуу Temirov live командасынын жетекчиси Болот Темиров буларды айтты:

-Биздин кызматкерди каралап видеого чыгарып, коркутуп шантаж кылган экен.  Менин оюм боюнча, ал нерселер адамгерчиликке жатпайт, айбанчылык. Ал УКМК кызматкерин биз издеп таптык. Сүрөттөрү бар, жасалма паспорт менен жүргөнү, машинасына жасалма номер тагып жүргөнү белгилүү. Дагы менин паспортумду да жасалма деп ишке киргизип, мага кылмыш ишти жөндөн-жөн ачууга да себепкер шектүү катары эсептеп жатабыз, -деди иликтөөчү журналист Темиров.    

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты