Тажикстандын түштүк райондорун чегиртке каптоодо

  • 2 года мурун

Тажикстандын түштүгүндөгү Кушониён районунда чегирткелер жүздөгөн гектар айыл чарба жерлери менен жайыттарды зыянга учуратты.

Жергиликтүү трактор айдоочусу Идибек Абдуллоевдин айтымында, тургундар чегирткелерге каршы биргелешип күрөшүүдө.

«Бир айдан бери трактор менен чегирткелерге каршы химикаттарды чачып жатам. Башка райондордо да трактор бара ала турган жердин баарына химикаттар чачылууда» деди ал.

Райондук акимчиликтин кызматкери Зухурбек Шарипов чегиртке аларга коңшу Вахш районунан келип жатканын билдирди.

«Биз бийликтин тапшырмасы менен чегирткелерди жок кылууга аракет кылып жатабыз. Бирок алар коңшу Вахш районунан келип, жумуртка таштап дароо көбөйүп кетүүдө. Вахш районунда бул маселеге көңүл бурулбай жаткандай элес калууда», — деди Шарипов.

Тажикстандын Хатлон облусундагы айдоо талаалар менен жайыттар буга чейинки жылдары да чегирткелерден жабыр тартып келген. Былтыр алар бул аймактагы жер-жемимштерди жок кылган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты