Тажикстанда «Татра Вокруг Света 2» экспедициялык унаасы кырсыкка кабылды

  • 3 дня мурун

Памир тоолорунун Ишкашим аймагында «Татра Вокруг Света 2» долбоорунун экспедициялык унаасы кырсыкка учурап, беш жыл мурун чех саякатчылары ойлоп тапкан долбоор мөөнөтүнөн мурда аяктады.

Авария 5-сентябрда деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте болгон. Автоунаа кыядан кулап кетип, бактыга жараша, команданын тогуз мүчөсү тең аман калган. Жеңил жаракат алган чехтердин сегизи мекенине жөнөп кетти. Долбоордун негиздөөчүсү Марек Гавличек кырсыкка чейин 175 миң чакырым жол басып, Чехиядан Африкага, Америкадан Өзбекстанга чейин барган легендарлуу унаанын жанында, Тажикстанда калууну чечти.

Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Умеда Юсуфи «Озоди» радиосуна билдиргендей, 12-сентябрда кыядан кулап, бактардын арасында тыгылып калган VEN үлгүсүндөгү унаа атайын техниканын жардамы менен чыгарылды.

14-сентябрда Чехиядагы популярдуу теледолбоордун негиздөөчүсү Марек Гавличек долбоор тууралуу буларды айтып берди:

«Татра вокруг света» долбоору алгач 1987-90-жылдары пайда болгон. Саякат адамдарды шыктандырып, пропагандасыз чыныгы тышкы дүйнө кандай экенин айтып берген. Биз ушуга окшош долбоорду түздүк. Ага ылайык, ар бир адам экспедицияга чыгып, дүйнөнү изилдей алат. Биз адамдарды өз өлкөлөрүнөн тышкаркы дүйнө медиа жана пропагандасыз кандай экенин көрүүгө үндөйбүз. Долбоорду мен демөөрчүлөрдүн жана меценаттардын жардамы менен түздүм. Долбоор беш жылдан бери иштеп жаткан, биз адегенде Чехияны, андан соң Иранды кыдырдык, бирок ковид пайда болду. Андан кийин Түндүк Африкага бардык. Кийин Түштүк жана Түндүк Американы кыдырып чыктык. Андан кийин биз кайра Европадан баштадык, андан ары Түркия, Азербайжан, Грузия, Түркмөнстан, Орусия, Казакстан жана Тажикстанды –175 миң чакырымдан ашык жолду басып өттүк. Эми долбоорду токтотууга аргасыз болуп жатабыз».

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты