Кемеровдогу трамвай кырсыгында бир киши каза болуп, 100дөн ашыгы жаракат алды

  • 2 месяца мурун

Орусиянын Кемеров шаарындагы трамвай кырсыгында жабыркаган 102 кишинин 78и ооруканага жаткырылды. Алардын арасында беш бала бар.

Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министринин жардамчысы Алексей Кузнецов билдирди.

Буга чейин Кемеров шаарынын башчысы Дмитрий Анисимов жаракат алгандардын бири ооруканада каза болгонун кабарлаган. Анын айтымында, дагы үч кишинин абалы оор, экөө реанимация бөлүмүндө жатат.

6-июнь күнү эртең менен айдоочу трамвайды башкара албай калып, ал ылдый көздөй катуу ылдамдыкта жүрүп кеткен. Чукул кайрылышта жүргүнчүлөрдүн айрымдары жерге кулап, жыйынтыгында вагон дагы бир трамвайга барып сүзүлгөн. Болжолдуу версияга ылайык, кырсыкка трамвайдын тормоз системасы иштебей калганы себеп болгон.

Сүрөт: Кырсык болгон жерден тартылган. Кузбасс прокуратурасы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты