Тажикстанда эки айдан бери алгачкы жолу COVID-19 катталганы кабарланды

  • 2 года мурун

Тажикстандын саламаттык сактоо министрлиги 23-январда өлкөдө коронавирус жуктурган 23 учур катталганын билдирди.

Тажик бийлиги буга чейин эки айдан бери өлкөдө бир да кишиден COVID-19 табылбаганын айтып келген.

Министрликтин билдирүүсүндө жаңы катталган учурлар коронавирустун кайсы штаммы экени көрсөтүлгөн эмес.

Бүгүнкү күндө Тажикстанда респиратордук ооруларга чалдыккандар көп болуп, ошол эле маалда алардын оорулары жеңил жана тез өтүп жатканы кабарланууда. Мындан улам айрым тургундар өлкөдө COVID-19 жуктургандар жок экени тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүлөрүнөн күмөн санашууда.

Расмий маалыматка ылайык, пандемия башталгандан бери Тажикстанда коронавирус жуктургандар 17 миң кишиден ашып, 124 бейтап каза болду.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты