Ташкентте бак-дарактын зыянга учураганына байланыштуу аким менен прокурор кызматтан алынды

  • 2 года мурун

Президенттин тапшырмасы менен Ташкенттин Чилназар районунун акими жана прокурору кызматтан алынды.

Ишине жоопкерчиликсиз мамиле жасаганы үчүн Ташкент шаарынын башчысы Жахонгир Артыкхожаев менен шаар прокурору Улугбек Косимовго сөгүш жарыяланды.

Президенттик администрациянын жетекчиси Сардор Умурзаков 8-августта видеоселектордук жыйын өткөрүп, Чилназар көчөсүндөгү бак-дарактардын зыянга учурашын сындаган.

Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, 100дөн ашуун бак-дарактын зыянга учуроосу калктын нааразылыгын жараткан.

Буга чейин Ташкенттин Чилназар көчөсү оңдолуп, жол кеңейтилип, деңгээли бир метрге чейин төмөндөтүлгөн. Ошол маалда жол четиндеги бак-дарактардын тамырлары кыйылган.

Өзбекстандын экология боюнча мамлекеттик комитети 45-98 сантиметр диаметрдеги 9 эмендин тамырына катуу доо кеткенин билдирди. Адистердин пикиринде, аларды сактап калуу мүмкүндүгү өтө аз.

Мындан тышкары дагы 90дон ашуун бак-даракка зыян келтирилген.

Коомчулуктун нааразылыгынан кийин Ташкент акимчилиги Чилназар көчөсүнүн долбоорун кайра карап чыгып, 6 тилкени 4 тилкеге чейин кыскартты.

Сүрөт: RRE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты