Таластагы жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасына келтирилген зыян өндүрүлдү

  • 2 года мурун

Талас облустук прокуратурасы тарабынан жогорку чыңалуудагы тармактар аркылуу ири өнөр жай керектөөчүгө жеткирип берүүдө электр энергиясын кем эсепке алуу боюнча кылмыш ишине тергөө жүргүзүлдү.

Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөдө Талас жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын жооптуу адамдары «Чат-Базар» көмөк чордонун кайра конструкциялоодо энергия жабдууларын куроо жана жөндөө учурунда өзүнүн кызматтык милдеттерине шалаакылык мамиле кылгандыктан, мамлекетке 5 млн 475 миң 34,52 сом зыян келтирилгендиги аныкталган.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен жогоруда көрсөтүлгөн материалдык зыян толугу менен өндүрүлүп, аталган ишкананын жооптуу кызматкерлери О.А.П жана О.А.С. кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты