Таластагы жана Оштогу студенттер Улуу Британияга стажировкага бара алышат

  • 2 месяца мурун

Талас мамлекеттик университети менен Ош технологиялык университетинин студенттери Улуу Британияга стажировкага бара алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-ноябрда аталган борбор британиялык “HOPS Labor Solutions Ltd” оператору менен биргеликте Талас мамлекеттик университети жана Ош технологиялык университети менен Улуу Британияда сезондук айыл чарба иштеринин программасынын алкагында студенттер үчүн практиканы уюштурууга багытталган кызматташуу келишимине кол коюшкан.

«Келишимдин шарттарына ылайык, аталган университеттердин студенттерине 2025-жылга карата пилоттук долбоордун алкагында жайкы каникул учурунда Улуу Британияда эмгек акы төлөнүүчү стажировкадан өтүүгө кошумча мүмкүнчүлүк алышат»,- деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: migrant.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты