Талас облусунда 8кг ашык баңгизат сатууга аракеттенген киши кармалды

  • 1 год мурун

 

Талас облусунда 8 кг ашык баңгизат сатууга аракеттенген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады.  

2023-жылдын 7-февраль күнү ИИМдин баңгизаттардын жүгүртүлүшүнө каршы кызматтын кызматкерлерине Талас облусунун Кара-Буура районунун аймагында «М» аттуу жаран баңги каражаттарын мыйзамсыз сатуу менен алектенип жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 8-февраль күнү саат 15:30 чамасында Талас облусунун Кара-Буура районунда өз үйүндө сатууга аракет кылып жаткан Ж.М. аттуу шектүү жаран кармалган. Кармалган жарандан марихуана табылып алынган.

Кармалган Ж.М. баңгизатын ар бир килограммы 60 миң сомго сатууга аракет кылгандыгы аныкталган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусу 8 кг 789 гр. индиялык марихуана экендиги аныкталган.

Жаза-процесстик кодексинин 96,97-беренелеринин негизинде кармалган Ж.М. ИИБ убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Азыркы учурда бул баңги кылмышына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Сүрөттөр: ИИМдин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты