«Такыр-Төр» көлүнөн улам “өзгөчө кырдаал” режими киргизилди
- 1 год мурун
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда “Такыр-Төр” тоо көлүнүн жээктен ашуусуна байланыштуу 2025-жылдын 28-июнунда район аймагына “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Бир күн мурда, 27-июнда көл жырылып, суу Алмалуу, Горная-Серафимовка жана Нижняя Серафимовка айылдары аркылуу өтүп, Алмалуу айылында бир көпүрөнү агызып кеткен. Бишкек — Кой-Таш — Ысык-Ата унаа жолу, дача аймактары, бир нече көпүрө жана карылар үйүнүн айланасы да суу каптоо коркунучуна кабылган.
Кырдаалга ыкчам аракет көрүү үчүн жалпы — 114 кызматкер, 14 атайын техника тартылган. Учурда тиешелүү кызматтар кырдаалды көзөмөлдөп, кооптуу аймактарда коопсуздукту камсыздоо ишин улантууда.
Муну бөлүшүү




